Президент 2028-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялады

Президент Садыр Жапаров улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2028-жыл Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды.

Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, келерки жылы улуттук жана эл аралык деңгээлде ар түрдүү маданий, илимий жана адабий иш-чаралар өткөрүлөт. Алар улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын даңазалоого жана анын гуманисттик идеяларын жаш муундар арасында жайылтууга багытталмакчы.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өкмөт тарабынан Айтматовдун мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт.

Чыңгыз Айтматов — дүйнөлүк адабиятта кыргыз элин жана маданиятын тааныткан залкар жазуучу. Анын чыгармалары 170тен ашык тилге которулуп, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жогорку баага ээ болгон. 2028-жылы улуу жазуучунун туулгандыгынын 100 жылдыгы белгиленет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз