Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы өлүм: Шектүү кармалды
Коопсуздук органдары Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы кош киши өлтүрүүгө шектелген адамды кармашканын 7-октябрда «Сводка АКИpress» редакциясынын булактары билдиришти.
Маалым болгондой, кармалган шектүү 2006-жылы туулган. Башка маалыматтар азырынча ачык эмес.
Эске салсак, кылмыш 3-октябрга караган түнү болгон. Ынтымак көчөсүндөгү жеке үйгө белгисиз адам кирип, 34 жаштагы эркек менен анын 36 жаштагы эжесин өлтүргөн. Маркумдун жубайы үч баласы менен качып чыгууну үлгүргөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.