АКШнын ири шаарларынын аэропортторунда рейстердин массалык кечигүүлөрү башталды

АКШ өкмөтүнүн иши токтогону (шатдаун) өлкөнүн ири шаарларындагы аба каттамдарынын массалык түрдө кечеңдешине жана токтотулушуна алып келди. Бул кырдаал авиадиспетчерлердин жана аба кыймылын көзөмөлдөгөн башка кызматкерлердин жетишсиздиги боюнча буга чейин эле курч болгон маселени ого бетер күчөттү деп жазат "CentralAsia" басылмасы 
«Би-би-сиге» шилтеме берүү менен.

Дүйшөмбү күнү Калифорниядагы Голливуд–Бёрбанк аэропортунда аба кыймылынын көзөмөлү кадрлардын жетишсиздигинен улам дээрлик алты саат бою автоматтык режимде иштеген. Айрым функцияларды Сан-Диегодогу аэропорттун диспетчерлери өздөрүнө алышкан.

Шатдаун башталгандан кийинки жетинчи күнү — шейшемби кечинде — рейстердин кечеңдеши дагы бир катар аэропортторго жайылды. Алардын катарында Нэшвилл, Феникс, Даллас, Лас-Вегас, Чикаго жана Ньюарк шаарлары бар.

Чикагодо өлкөдөгү эң ири аэропорттордун бири жайгашкандыктан, АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы шейшемби күнү бул шаарга багыт алган рейстердин учуп чыгышын кечеңдетүү режимин киргизди. Аталган чектөө качан алынары азырынча белгисиз.

Нэшвилл аэропорту шейшемби күнү бардык рейстерди — шаарга келүү жана шаардан учуу — «кыскартууга» аргасыз болуп жатканын жарыялады. Себеби авиадиспетчерлер жетишсиз. Аэропорттун билдирүүсүндө мындай кыскартуулар кечеңдөөлөргө алып келери жана «кийинки билдирүүгө чейин» уланары айтылды.

FlightAware кызматынын маалыматына ылайык, шейшемби күнү түшкө карата АКШда болжол менен 3200 рейс кечеңдеп жаткан.

Мындан тышкары, Атлантадагы Аба кыймылын башкаруу борборунда да кадрлар жетишсиз экени кабарланды.

Авиадиспетчерлер критикалык маанидеги кызматкерлер катары эсептелет жана өкмөт ишин токтотсо да, айлык акысыз иштөөгө милдеттүү.

Кырдаалдын оорлошуна айрым диспетчерлердин ооруп ишке чыкпай калышы да себеп болууда. Транспорт министри Шон Даффинин айтымында, шатдаун учурундагы шарт кызматкерлерге чоң психологиялык басым жаратууда, анткени кадр тартыштыгы өтө чоң. Ал айрым штаттарда кадрлар менен камсыздоо болгону 50% экенин эсептеп чыккан.

Fox News телеканалына берген маегинде Даффи, коопсуздукту сактоо максатында аба мейкиндигиндеги учактардын санын азайта турганын айтты:

«Эгер бизде жетиштүү диспетчер жок болсо, аба мейкиндигинин коопсуздугун сактоо үчүн аба кыймылын азайтабыз», — деди ал.

Улуттук авиадиспетчерлер ассоциациясынын мүчөсү Дрю Маккуин NewsNation телеканалына анын кесиптештери акысыз иштеп, катуу чарчап, стресс абалында экенин билдирди:

«Шатдаунду авиадиспетчерлер жараткан жок, аны токтотуу да алардын колунда эмес. Бул саясатчылардын чечими», — деди ал.
«Алар кадрлар жетишсиз шартта жумасына алты күн, күнүнө 10 сааттан иштөөгө аргасыз. Эми болсо качан маяна алышарын ойлоп да тынчсызданышат», — деп кошумчалады Маккуин.

Башкармалыктын маалыматына караганда, шатдаун маалында болжол менен 13 миң диспетчер ишин улантышы керек.

20 миңден ашуун диспетчерди, инженерди жана авиация коопсуздугу боюнча адистерди бириктирген Улуттук авиадиспетчерлер ассоциациясы кызматкерлерге жумушка келбей калуу кызматтан бошотууга алып келерин эскертти:

«Мамлекеттик кызматтагы иш таштоо мыйзамсыз гана эмес, биздин уюмга болгон ишенимди түшүрөт жана мүчөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо мүмкүнчүлүгүн алсыратат», — деп жазылган ассоциациянын веб-сайтында.

Шейшемби күнү — шатдаунга байланыштуу аэропорттордо рейстер кечеңдеп жаткан экинчи күн болду.

Өкмөт иши 1-октябрда токтогон. Мунун себеби — Республикалык жана Демократиялык партиялардын өкүлдөрү бюджет маселесинде макулдашууга жетише албай калган. Кризистен качан чыгары азырынча белгисиз.

Федералдык кызматкерлердин болжол менен 40% — 750 миңдей адам — айлыксыз убактылуу өргүүгө чыгарылган. Ал эми мамлекеттик маанидеги кызматкерлер айлык акысыз иштөөнү улантышууда.

Бул — Дональд Трамптын президенттиги учурундагы төртүнчү шатдаун.

Ошол эле учурда, АКШдагы авиакаттамдардагы кырдаал 2019-жылдагы өкмөт кризисин токтотууга себеп болгон. Анда кризис беш жумага созулуп, учкучтарды окутууда жана авиакомпаниялардын ишинде олуттуу үзгүлтүк жараткан.

2019-жылдын 25-январында бир нече авиадиспетчер жумушка чыкпай койгондон кийин Нью-Йорктогу Ла-Гуардия аэропортунда убактылуу каттамдар токтотулган. Ошол эле күнү Дональд Трамп кыска мөөнөттүү бюджет мыйзамына кол коюп, 35 күнгө созулган шатдаунду токтоткон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз