Путин Рахмонго «Тажиктер» китебин жана «Тажик достор» сүрөтүн белек кылды
Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонго «Тажиктер» аттуу китепти жана советтик сүрөтчү Макс Бирштейндин «Тажик достор» деген картинасын тапшырды. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Кремлдин телеграм-каналында Душанбедеги «Ирам» ботаникалык багынын аймагында өткөн бейрасмий түшкү тамактын алдындагы жолугушуунун видеосу жарыяланды. Китепти тапшырып жатып, Путин ал чыгарма тажик элинин тарыхына арналганын айтып, дүйнөдө болгону 25 нускасы гана бар экенин белгилеген.
«Эң жакшы белек экен», — деп жооп кайтарган Рахмон.
Путин 8-октябрда Тажикстандын президентинин чакыруусу менен мамлекеттик сапар менен Душанбеге келген.
Мамлекет башчысынын сапары үч күнгө — 10-октябрга чейин созулат. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, программада үч негизги иш-чара каралган: мамлекеттик визит, «Орусия — Борбор Азия» саммити жана Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) саммити.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.