Байден рак илдетинен дарыланууну баштагандан кийин биринчи жолу коомчулукка чыкты. Сүрөт
АКШнын мурдагы президенти Жо Байден простата безинин рагы боюнча дарылануусун баштаганы тууралуу кабарлардан кийин биринчи жолу эл алдына чыкты, деп жазат The New York Post.
82 жаштагы саясатчы көп жылдан бери барып жүргөн Делавэр штатындагы Ыйык Жусуп чиркөөсүндөгү кечки сыйынуу аземине катышкан. Басылма жарыялаган сүрөттөрдө Байденди коштоп жүргөн аялга таянып баратканын, ал эми анын оң көзүнүн үстүндө жакында рак шишигин алып салуу операциясынан калган жаңы тырык бар экени көрүнгөнүн белгилейт.
50 мүнөттүк сыйынуудан кийин Байден чиркөөгө келгендер менен болжол менен 10 мүнөт сүйлөшкөн. Бул анын эл алдына чыккан алгачкы көрүнүшү, анткени буга чейин NBC телеканалы Байден простата безинин төртүнчү стадиясындагы рагына каршы беш жумалык нур жана гормоналдык терапия курсун баштаганын кабарлаган. Оору сөөккө чейин жайылып кеткен.
Дарыгерлер Байденде агрессивдүү түрдөгү рак аныкталганын, бирок ал гормоналдык дарылоого жооп берип жатканын билдиришкен. Диагноз Байден заара кылуудагы көйгөйлөрдөн улам дарыгерге кайрылгандан кийин коюлган. Текшерүү учурунда простатада кичинекей түйүнчөктүн бар экени аныкталган. Мындан тышкары, мурдагы президент эки жолу рак шишигин алып салуу операциясын өткөргөн: өткөн айда — маңдайынан, ал эми 2023-жылы — көкүрөгүнөн.
2024-жылдын июль айында Байден Дональд Трамп менен болгон ийгиликсиз дебаттардан кийин кайра шайлануу кампаниясын токтотуп, Камала Харристин талапкерлигин колдогон. Январдан бери ал негизинен жеке жашоодо болууда. Бирок анын жардамчылары The New York Post басылмасына билдиришкендей, Байден дарылануусуна карабастан, жакынкы күндөрү Бостондогу сыйлык тапшыруу аземине жана Небраскадагы Демократиялык партиянын кайрымдуулук жыйынына катышууну пландап жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




