Бишкектин борборунда 18 соода павильону бузуула башташты

Сүрөт: "АКИпресс" басылмасы.

Бишкектин борборунда 18 соода павильонун бузуу иштери башталды, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Алар Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде, ошондой эле Гоголь менен Московская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Чүй проспектиси боюнча 13 объект, ал эми Гоголь–Московская аймагында 5 объект бузулат.

Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Атай Муратбектин айтымында, жер участогун берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, бул объекттердин ээлери менен түзүлгөн ижара келишимдери токтотулган. Мурда эле муниципалдык жер тилкесин бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.
«Тилекке каршы, айрымдар биздин талаптарды аткарган жок, ал эми жоопкерчиликтүү ишкерлер өз ыктыяры менен бошотушту», — деди ал.

Анын айтымында, иштер Бишкек мэриясынын мектеп айланаларын көрктөндүрүү боюнча токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.
«Бул павильондор мектептердин жанында орнотулган. Бузуу иштери аяктагандан кийин аймакты көрктөндүрүү жана окуучулар үчүн ачык мейкиндик түзүү каралган», — деп кошумчалады Атай Муратбек.

Окуя болгон жерде айрым дүкөндөр ишин улантып жаткандыгы аныкталды. Алардын айтымында, эч кандай эскертүү алган эмес.
Буга жооп катары УКЗнын башчысы «эскертүүсүз демонтаж иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес» деп билдирди.

Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын Свердлов району боюнча бөлүм башчысы Темирлан Сейдашовдун айтымында, эскертүүлөр 2025-жылдын 4-октябрында 7 ишкерге берилген.

Бузулуп жаткан объекттер №12 мектептин жанында жайгашкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз