Ош: А. Навои паркындагы аттракциондо каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу бир адам камалды

1 ай мурда Оштогу А. Наваои паркында аттракциондордун биринде каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Алдын ала маалыматка караганда, кармалган жаран 48 саатка камалган.

Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 1995-жылы туулган И.А. аттуу жаранга  Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 2-бөлүмү 2-пункту (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, бүгүн убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз