Путин Трамптын Будапеште боло турган жолугушуу тууралуу айткандарына жооп берди

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ жана Орусия президенттеринин Будапештте өтө турган жолугушуусун Дональд Трамп жокко чыгарганы тууралуу билдирүүгө жооп берди. Путиндин айтымында, АКШ президенти «жолугушууну жокко чыгаруу эмес, жылдыруу тууралуу айткандай».

«Акыркы телефондук сүйлөшүүдө жолугушуу демилгеси жана аны өткөрүү орду америкалык тарап тарабынан сунушталган. Мен макул болгом, бирок мындай жолугушуулар сөзсүз түрдө жакшы даярдыкты талап кыларын белгилегем. Азыр болсо, менин оюмча, АКШ президенти бул жолугушууну жокко чыгарууну же жылдырууну чечти. Балким, ал жылдыруу жөнүндө айтып жатат. Эмне дейбиз? Диалог ар дайым карама-каршылыктан, талаштан же андан да жаманы — согуштан жакшы», — деди Путин.

Ошондой эле Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШ жана Европанын Орусияга каршы киргизген жаңы санкцияларын да комментарийледи. Ал санкциялар өлкөнүн экономикалык абалына олуттуу таасир этпей турганын айтты. Путиндин пикиринде, мындай чектөөлөр — Орусияга басым көрсөтүүнүн аракети. «Өзүн урматтаган эч бир өлкө эч нерсени басым алдында чечпейт», — деп кошумчалады ал.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Украина узак аралыкка атылуучу курал алат» деген билдирүүсүнө да Путин жооп берди. Ал бул билдирүүнү чыңалууну күчөтүүгө багытталган кадам деп атады. «Эгер мындай курал менен Орусиянын аймагына сокку урулса, жооп абдан олуттуу, болбосо, дүрбөлөң жараткандай болот. Муну алар ойлонуп көрсүн», — деди Путин.

23-октябрда Дональд Трамп Будапештте өтө турган Путин менен жолугушуусун жокко чыгарганын билдирген. «Мага жөн гана бул туура эмес сезилди. Биз керектүү жыйынтыкка жетпейбиз деген ой болду. Ошондуктан мен аны жокко чыгардым. Бирок келечекте биз аны өткөрөбүз», — деген Трамп. Ал ошондой эле Путин менен ар бир сүйлөшүүсү «жакшы өтөрүн», бирок «кийин андан натыйжа чыкпай каларын» айткан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз