Ташиев энергетиктерге: Кышында жарык өчүрүлбөшү керек

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев энергетиктерден электр энергиясын өчүрүүгө жол бербөөнү талап кылды.

«Кыш жакындап калды. Чынын айтканда, суу аз. Ошого карабастан, өлкө боюнча эч жерде жарык өчпөшү керек. Элге ыңгайсыздык жаратпагыла. Бул – энергетиктерге берилген тапшырма. Мен аны так аткарасыңар деп ишенем», – деди Ташиев Нарын райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын ачылышында.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз