Депутат Оштогу бир көчөгө эле көчөт эгүүгө 26 млн сом коротуларын айтып, бардык көчөгө кайдан акча табыларын сурады
Шаардагы көчөлөрдү кеңейтип, жашылдандыруу иштери жүрөт, деп жатасыздар, ага акча каражаттарын кайдан табылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда "Мурас" фракциясынан депутат Бекболот Арзибаев Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында билдирди.
Анын айтымында, шаардын бюджети мэр айтып жаткан жашылдандыруу иштерине жетпейт.
"Жеңишбек Шермаматович, көчөлөрдү кеңейтебиз. Көп жерди жашылдандырабыз деп жатасыз. 3,5 чакырым Курманжан Датка көчөсүнө 1200дөн ашык көчөт эгебиз деп 26 млн сом акча карап жатабыз. Жашылдандыруу иштери көп боло турган болуп атат шаарда, шаардын бюджетти чоң эмес, ошончонун баарына кайдан акча табасыз?",- деди ал.
Өз кезегинде мэр Ж. Токторбаев кошумча булактар каралып жатканын айтып, акча табыларын билдирди.
Депутат кошумча булак катары буга чейин мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди шаарга кайтаруу иштерин атады.
"Буга чейин көп гектарлаган жерлер сатылып кеткен. Ошолордун азыркы базар баасында эсептесек 100 млрд акча болот экен. Мен сизге муну далилдеп берем. Ошону карап көрбөйсүзбү?",- деди Б. Арзибаев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.