Чүй облусунда табышмактуу адамды кармашты

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жарандардан кармалган адамдын өздүгүн аныктоого жардам берүүнү суранууда.

19-январда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Луговое айылынын тургуну кайрылган. Ал өзүнүн таанышын айыптап, 7–19-январь күндөрү анын макулдугусуз 17 баш малды сатып жибергенин билдирген.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») боюнча катталган.

Милиция шектүү катары 1988-жылы төрөлгөн И.А. аттуу жаранды кармаган. Сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн колунда паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документтер жок экени, ошондой эле ал өзүн ар түрдүү ысымдар менен тааныштырып жүргөнү аныкталган.

Ушуга байланыштуу укук коргоо органдары бул адам тууралуу маалымат билген же тааныган жарандардан төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону өтүнөт:
📞 0 (312) 36-35-27
📞 0 (312) 36-35-23
📞 0 (555) 03-51-54
📞 0 (701) 35-55-85

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз