Бүгүнкү күнгө чейин уурдалган байлыктардын 70% кайтарып алдык, - Ташиев
Министрлер кабинетинин төрага орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 6-ноябрда Балыкчы шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө мамлекетти тоноп кеткен адамдардын тизмеси боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
Анын айтымында, президент жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча тапшырма берген, ал үчүн финансылык булактар талап кылынган. Ошол себептен мамлекетти тоноп, байлык топтогондордун каражаттарын кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Ташиевдин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө уурдалган каражаттардын болжол менен 70 пайызы мамлекетке кайтарылды.
Мисал катары ал спирт ичимдиктерине салына турган акциздик салыктардын өсүшүн келтирди. Анын айтымында, мурда бул салыктардан өлкө бюджетине жылына болгону 200 миллион сом түшчү.
«Биз толугу менен акциздик түшүүлөрдү калыбына келтирдик, өз акциздик маркаларыбызды чыгара баштадык. Азыр акциздер 200 миллион сомдон 30 миллиард сомго чейин көбөйдү. Мына, мамлекеттик акча ушунда. Мамлекетти ушинтип уурдашкан. Ушундай жол менен «Аю» компаниясы байыган. Анын ээси Шаки деген адам болчу окшойт, олигарх болуп чыккан. Ал кантип олигарх болду? Ал мамлекеттин акциздерин уурдап, салык төлөбөй, өз алдынча акциздик маркаларды жасап, элди тоноо жолу менен байыган», — деди Ташиев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




