Тегеранда суу тартыштыгынан улам элди эвакуациялоо коркунучу туулду

Иран учурда суу кризисинин эң курч фазасын баштан өткөрүп жатат. Бийлик муну кургакчылык менен түшүндүрүп жаткан болсо да, айрым илимпоздор суунун тартыштыгы сабатсыз башкаруудан улам жаралганын белгилешет. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы  "Euronews" басылмасына шилтеме берүү менен жазды.

Ирандын өзүндө жана айрыкча Тегеран шаарында суу тартыштыгы эң жогорку деңгээлге жетти. Жекшемби күнү бийлик түнкү убактарда суунун берилишин чектей турганын, бул суу сактагычтарды толтурууга жардам берерин билдирди.

Абал ушунчалык оор болгону менен, эгер жакын арада жамгыр жаабаса, өкмөт 10 миллион калкы бар Тегеранды эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн да олуттуу карап жатат. Иран лидери Масуд Пезешкиян буга чейин билдиргендей, өлкөнүн борборун Перс булуңунун жээгине көчүрүү варианты да изилденип жатат.

Борбордук региондо ичүүчү суунун камсыздалышы беш ири суу сактагычка көз каранды, бирок расмий маалыматтар боюнча, алардын баары азыр абдан кооптуу абалда турат. Суу чарбасын башкаруу мекемеси суу сактагычтардагы көлөм акыркы жүз жыл ичиндеги эң төмөн деңгээлге түшкөнүн эскертти.

Мунун негизги себеби — көп жылдык кургакчылык. Быйыл жайында өлкө акыркы 60 жылдагы эң катуу ысык менен бетме-бет келген, анын кесепетинен кеңири масштабда электр энергиясын өчүрүү учурлары да болгон.

Бийликтин эсебинде, эгер тегерандыктар дароо сууну 20% азайтып колдонушса, кырдаалды көзөмөлгө алууга мүмкүн болот. Бирок көпчүлүк адистер бул учурда кыйроону токтотуу дээрлик мүмкүн эместигин айтышат.

Монреалдык илимпоздордун тобу болсо кризис антропогендик мүнөзгө ээ экенин белгилеп, аны сууну туура эмес пайдалануу, негизсиз түрдө суу сактагычтардын курулушу жана башка факторлор менен байланыштырышууда. Алардын айтымында, ысык менен кургакчылык бул көйгөйдү курчутууга гана түрткү болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз