Жерде абдан күчтүү магниттик бороон башталды
Жер бетинде дээрлик эң жогорку деңгээлге жеткен абдан күчтүү магниттик бороон башталды, деп билдирди Россия Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтунун (ИКИ РАН) Күн астрономиясы лабораториясы Telegram-каналында.
«Азыр планетардык масштабдагы абдан күчтүү магниттик бороон катталууда. Ал эң жогорку G5 деңгээлине дээрлик жетти. Бул көрүнүш Жерге акыркы күндөрдөгү Күндөгү өтө жогорку активдүүлүктүн натыйжасында пайда болгон үч плазмалык булуттун биринчиси жетип келгенине байланыштуу болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулардын айтымында, геомагниттик абал алдын ала божомолдон таптакыр башкача жүрүүдө. Жерге Күндөгү үч жаркыроодон чыккан үч плазма булуту келе жатат. Түн ичинде алардын эң алсызы гана келип, G1–G2 деңгээлиндеги жеңил бороон жаратышы керек болчу.
Ал эми эң күчтүү таасир үчүнчү жаркыроодон чыккан плазма жеткен маалда болору күтүлүүдө — бул учурда да ал түш убактысына туура келет, деп кошумчалашты лабораториядан.
Изилдөөчүлөрдүн түшүндүрүүсүнө караганда, азыркы абалга мүмкүн болгон бирден-бир түшүндүрмө — кечээ болгон жыл ичиндеги эң күчтүү жаркыроодон чыккан акыркы плазма булутунун өтө жогорку ылдамдыгы себеп. Ал өзүнөн мурда жайыраак тараган булуттарды кууп жетип, аларды кысымга алып, температураны, тыгыздыкты жана магниттик мүнөздөмөлөрдү кескин жогорулатып жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




