Соцфонд пенсиялык жыйым бөлүгүн пайдалануу жолдору жөнүндө айтып берди

Социалдык фонд пенсиянын топтому бөлүгүн колдонуу жолдорун түшүндүрдү.

Төмөндө каражаттарды пайдалануунун негизги тармактары көрсөтүлгөн:

1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөнүүчү каражаттар

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын негизинде пенсия алып жаткан жарандар же ошол мыйзамдын алкагында пенсия алууга укугу бар болуп, аны дайындоого кайрылган адамдар топтому бөлүгүндө эсептелген каражаттары болсо, ошол каражаттарын ала алышат.

2. Чет өлкөгө туруктуу жашоого чыккан жарандар

Кыргызстандын аймагынан тышкары туруктуу жашоого кеткен же кетип жаткан жарандар өздөрүнүн жеке камсыздандыруу эсептеринде топтолгон пенсиялык каражаттарын алуу укугуна ээ.

3. Мураскорлор

Эгер камсыздандырылган адам каза болуп, анын топтому бөлүгүндө каражаттары эсептелсе, анда анын мураскорлору бул каражаттарды алууга укуктуу.

4. Аскер кызматкерлери үчүн төлөм

Аскер кызматкерлери 63 жаштагы жалпы белгиленген пенсия курагына жеткенден кийин, эгер Улуттук топтому пенсиялык фонддо каражаттары бар болсо, аларды ала алышат.
Маанилүү жагы – аскер кызматында жүргөн мезгилде Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү жүргүзүлбөйт. Бирок бул мүмкүнчүлүк аскер кызматынан мурда же кийин жарандык тармакта иштеп, Социалдык фондго төлөмдөрдү жүргүзгөн адамдарга тиешелүү.

5. Ипотекалык насыя үчүн колдонуу

Жарандар жана алардын жубайлары төмөнкү учурларда пенсиянын топтому бөлүгүндөгү каражаттарды колдоно алышат:

мамлекеттик турак жай программасынын алкагында «ГИК» ААК тарабынан каржыланган ипотекалык насыя алууда же

турак жайды кийин сатып алуу шарты менен ижарага алууда,

үлүштүк курулушка катышууда же курулуш компаниясы менен бөлүп төлөө боюнча келишими бар учурда.

Бул каражаттарды ипотеканын баштапкы төлөмүнө же негизги карызды төлөөгө пайдаланууга болот, бирок банктык кепилдик болушу шарт.

6. Жумушсуздук маалында

Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган жарандар да пенсиялык топтому каражаттарын ала алышат. Төлөмдүн өлчөмү эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумуна жараша аныкталат.

7. Оор илдеттерди дарылоо үчүн

Оор ооруларга чалдыккан жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү дарылоону каржылоо үчүн пенсиянын топтому бөлүгүндөгү каражаттарды мөөнөтүнөн мурда ала алышат.

Оор оорулардын тизмеси:

1. Шишик оорулары (рак) – II, III, IV стадиялар (Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациясы боюнча, 2-клиникалык топ).

2. Кан оорулары: курч лейкоз (баардык түрлөрү), апластикалык анемия, гемофилия.

3. Жүрөк-кан тамыр оорулары: жүрөктүн тубаса же кийин пайда болгон кемтиктери, жүрөк ритминин бузулушу, өнөкөт коронардык жүрөк оорусу (ангиопластика, коронардык шунттоо, жүрөк аневризмасы жана жетишсиздиги кирет), операцияны талап кылган негизги кан тамыр оорулары, татаал эндартериит формалары.

4. Боордун өнөкөт жетишсиздиги жана цирроз: В жана С гепатиттери 4–5 стадияда, орган трансплантациясына муктаж же аны өткөн бейтаптар.

5. Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин 5-стадиясындагы гемодиализдеги бейтаптар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз