Валерий Кичин 12 жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келип, чемпион болду
Ысык-Көлдүн «Барс» командасы Кыргызстандын Премьер-лигасынын чемпиону болду.
Каракол шаарынан чыккан команда 26 оюнда 61 упай топтоп, турнирдик таблицада 1-орунду ээледи. Алар Манас шаарындагы «Мурас Юнайтед» командасынан болгону 1 упайга алдыда болушту.
«Барс» клубу 2024-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Команданын алгачкы машыктыруучусу Александр Крестинин болуп, ал Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичинди да командага чакырган. Экөө ошол жылы Ташкенттин «Локомотив» клубунда бирге иштеген.
Transfermarkt сайтынын маалыматына ылайык, Кичин быйылкы сезондо 26 оюндан 24үнө катышып, талаада жалпы 2070 мүнөт ойногон. Анын эсебинде эки гол жана беш голдук пас бар.
Кичин өзүнүн карьерасын «Алга» клубунун дублунда баштап, 2008-жылы «Абдыш-Атага» өткөн.
Бир жылдан кийин ал «Дордой-Динамо» клубунун оюнчусу болуп, алгач экинчи курамда ойногон, ал эми 2012-жылы негизги курамга өтүп, өлкө чемпиону болгон.
2013-жылдагы КМШ кубогунан кийин Кичин Нижний Новгороддун «Волга» командасына өтүп, Орусиянын Премьер-лигасында дебют жасап, чет өлкөлүк карьерасын баштаган.
Ошондон бери ал Орусиянын ФНЛ чемпионатында, Беларусиянын Жогорку лигасында жана Өзбекстандын Суперлигасында да ойноп келген.
2025-жылы Кичин кайрадан Кыргызстандын чемпионатына кайтып келип, кайрадан өлкө чемпиону болду!
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




