Орусиянын Ички иштер министрлиги Екатерина Биволго кылмыш ишин козгоду

Орусиянын ИИМи Екатерина Биволго карата текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу Орусиялык «Газета.RU» басылмасы өлкөнүн ИИМинин Жарандык коом институттары жана ЖМК менен өз ара аракеттенүү башкармалыгына таянып жазды.

Маалыматка караганда, текшерүүнү Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча Орусиянын ИИМинин башкы башкармалыгы жүргүзүүдө.

Буга чейин Бивол кыргыздар жана казактар тууралуу орой, кемсинткен билдирүүлөрдү жасаган. Анын айткан сөздөрүнөн кийин эки мамлекетте тең ага каршы кылмыш иши козголгон: Кыргызстанда издөө жарыяланып, Казакстан полициясы аны экстрадициялоо боюнча аракет көрөрүн билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Биволго Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Бул берененин санкциясы 5 жылдан 7 жылга чейинки эркинен ажыратууну карайт.

Екатерина Бивол — Токмок шаарынын тургуну, дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы. Ал социалдык тармактарда өзүнүн мурдагы күйөөсү тууралуу бат-баттан билдирүүлөрдү жазып келет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз