Алайда окуучу бала башкарган автоунаа кырсыктап, бир окуучу каза болуп, бирөө оор абалда
16-ноябрда Алай районунун Таш-Короо айылындагы автоунаа кырсыгынан улам окуучу бала каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, 2 окуучу бара жаткан автоунаа сайга кулап кеткен. Анын кесепетинен бири окуу бала каза болуп, жүргүнчү катары бара жаткан окуучу оор абалда Алай аймактык ооруканасына жеткирилген.
Алай аймактык ооруканасынан билдиргендей, тез жардам кызматы барып, 1 адам ошол жерде каза болгону аныкталган. Ал эми башынан оор жаракат алган 2008-жылы туулган баланы тез жардам кызматы менен ооруканага алып келишкен. Медициналык жардамдар көрсөтүлүп, кечээ 18-ноябрда Ош облустар аралык ооруканага которулган.
Ал эми Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, окуя 16-ноябрь күнү саат 20:20 чамасында Таш-Коро айылында болгон. Алай районунун Будалык айылынын 2009-жылы туулган тургуну А.Б. «Тойота Камри 30» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарынан Гүлчө багытын көздөй бара жатып, башкарууну жоготуп, болжол менен 19 метр аралыктагы сайга түшүп ала салган. Анын кесепетинен автоунаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Гүлчө шаарынын 2008-жылы туулган тургуну А.Н. окуя болгон жерде каза болгон.
Автоунаада Гүлчө шаарынын тургундары — 2008-жылы туулган С.Б., 2009-жылы туулган Б.А. жана 2008-жылы туулган Б.А. аттуу балдар дагы жүргүнчү катары бара жатышкан. Бирок алар жаракат албагандыктан ооруканага жаткырылган эмес.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




