Россия менен Украина каза болгон аскерлердин денелерин алмашты
Орусия Украинага «орусиялык тараптын айтымында, украин аскерлерине таандык» 1000 сөөктү өткөрүп берди. Бул тууралуу 20-ноябрь, бейшемби күнү Украинадагы туткундар боюнча Координациялык штаб Telegram-каналы аркылуу билдирди.
Жакынкы күндөрү украиналык укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү жана ИИМдин адистешкен мекемелеринин эксперттери өткөрүп берилген сөөктөрдү идентификациялоону жүргүзүшөт. Текшерүүнүн жыйынтыгында орусиялык тарап айткан маалыматтар туура же туура эмес экени аныкталат.
Ошол эле учурда, Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги өз булагына таянып, Украинага 1000 сөөк өткөрүлгөнүн тастыктады. Агенттик ошондой эле Украина Орусияга 30 орус аскеринин сөөгүн кайтарганын маалымдады. Ушундай эле маалыматты РБК басылмасына Мамлекеттик Думанын депутаты, Украина боюнча парламенттик координациялык топтун өкүлү Шамсаил Саралиев да берген.
Туткундарды жана каза болгондордун сөөктөрүн алмашуу боюнча макулдашуулар июнь айында Стамбулда өткөн россиялык жана украиналык делегациялардын сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Мурунку алмашуу 23-октябрда болгон: анда украин тарап 1000 адамдын сөөгүн алган, ал эми орусиялыктар – 31нин. Андан мурдагы, 18-сентябрдагы алмашууда да Москва 1000 сөөк өткөрүп берип, Киев 24үн кайтарган.
Мунун алдында, июнь айындагы эң алгачкы алмашуудан кийин Украина президенти Владимир Зеленский орусия берген 20 сөөк кийинчерээк Орусия тарапта согушкан аскерлерге таандык экени аныкталганын айткан. Орусия бул айыптоолорду четке каккан.
Ошондой эле тараптар аскердик туткундарды да алмаштырууда. Мисалы, октябрдын башында эки өлкө бир күндө бири-бирине 185тен туткундун баарын кайтарып беришкен. Ошол эле күнү жарандар да алмашылган — 20га 20. Андан мурда туткундарды алмаштыруу 24-августта өткөн. Ал күнү тараптар 146дан аскерди, ошондой эле 2025-жылдын феврален бери Сумы шаарында кармалып турган Курск облусунун сегиз тургунун кайтарып беришкен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



Иллюстрациялык сүрөт.