Путин менен Кыргызстанга кимдер учуп келет: Орусиянын делегациясынын курамы
Орусиянын президенти Владимир Путин 25–27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик визит жасайт жана ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышат.
Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, орус делегациясынын курамына төмөнкү аткаминерлер кирет:
- вице-премьер Алексей Оверчук (өкмөттөр аралык комиссиянын орусиялык тарабын жетектейт),
- ИИМ башчысы Владимир Колокольцев,
- спорт министри Михаил Дегтярев,
- саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко,
- транспорт министри Андрей Никитин,
- экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников,
- илим министри Валерий Фальков,
- энергетика министри Сергей Цивилев.
Президенттик администрациядан төмөнкүлөр келет: Юрий Ушаков, администрация башчысынын орун басарлары Дмитрий Песков жана Максим Орешкин.
Ошондой эле делегация курамында:
- Роспотребнадзор жетекчиси Анна Попова,
- борбордук банктын төрайымы Эльвира Набиуллина,
- «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев,
- ФСВТСтин төрага орун басары Михаил Бабич,
- ошондой эле бизнес өкүлдөрү – Роман Абрамович, Муса Бажаев, Петр Фрадков жана башкалар бар.
Эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынат. Мындан тышкары, бир катар өкмөттөр аралык жана коммерциялык документтерге кол коюлат. Жалпысынан жети документге кол коюлуп, алар билим берүү, экономика, саламаттыкты сактоо, миграция, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана башка тармактардагы кызматташууну камтыйт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



