Путин менен Жапаров бетме-бет сүйлөшөт, - Ушаков мамлекеттик визиттин программасы жөнүндө

Орусиянын президенти Владимир Путин 25–27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул маалыматты Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков ТАСС агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, сапар Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен уюштурулуп, эки күнгө созулат.

27-ноябрда Бишкекте ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөрү да белгиленди.

Ушаковдун маалыматында айтылгандай, сапардын программасы 25-ноябрь кечинде башталат.

«Президентибиз Бишкекке келгенде аны учактан түшөрдө президент Садыр Жапаров тосуп алат. Экөөнүн алгачкы иш-чарасы – Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюу менен башталат», — деди ал.

Андан кийин эки президент «Ала-Арча» резиденциясына барып, тет-а-тет форматта бейрасмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

26-ноябрь, шаршемби күнү, «Ынтымак Ордо» сарайында расмий тосуп алуу аземи өтөт. Андан соң ушул эле сарайда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр башталат. Анда саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактардагы негизги маселелер талкууланат.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдө өзгөчө төмөнкү багыттар боюнча кызматташуу сөз болот:
— соода жана экономика,
— энергетика,
— билим берүү,
— саламаттыкты сактоо,
— миграция.
Бул тармактар боюнча эки тараптын өкүлдөрү доклад жасашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери өз ара союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшат. Ушаковдун айтымында, документте келерки жылдарга жана узак мөөнөткө багытталган маанилүү жана ири максаттар белгиленген.

Ошондой эле бир катар өкмөттөр аралык жана коммерциялык документтер кабыл алынат. Алар билим берүү, экономика, саламаттыкты сактоо, миграция, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана башка тармактардагы кызматташууга байланыштуу болот. Жалпысы – жети документ.

Кол коюлгандан кийин эки президент маалымат үчүн билдирүү жасайт, андан соң мамлекеттик кабыл алуу өтөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз