Ташиев "Долпран" кени 10 млрд долларга бааланарын билдирди

Кемин районундагы «Долпран» кенинин бааланган наркы болжол менен 10 млрд долларды түзөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тоң райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачылуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, компаниялар буга чейин алтын казууга лицензияларды мамлекеттен бекер алып, кийин аларды кайра сатып, чоң өлчөмдө киреше тапкан.

«Ал эми элге да, мамлекетке да андан пайда тийген жок. Мамлекет ушундай жол менен “тонолуп” келген. Маселен, "Долпран" кенине лицензияны өз убагында бекер алышкан. Мамлекеттин үлүшү — нөл. Анан ошол лицензияны 32 миллион долларга сатып жиберишкен. Бул — 3 миллиард сом. Ал эми ошол бешке жакын лицензиянын жалпы баасы болжол менен 10 миллиард доллар турат. Мына "Долпран“ кенинин чыныгы баасы. Мамлекет пайда көрбөйт, тоолор бузулат. Алар "салык төлөп жатабыз“ дешет, бирок салыкты баары төлөйт — жөнөкөй таксист да төлөйт. Ар бир кенде мамлекеттин үлүшү болушу жана элге пайда алып келиши керек», — деди Ташиев.

Ал кошумчалагандай, мурда лицензиялар бекер таратылып, айрым кызматкерлер алардан «чөнтөккө» пайда алган учурлар болгон.

«Эми андай болбойт. Бардык кендер элдин кызыкчылыгына иштеши шарт. Бир айдай мурун Кемин элине убада бергем. Текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыздыктар аныкталды. Натыйжада компаниянын башкы директору учурда камакта. Экологияга ондогон фактылар боюнча зыян келтирилгени аныкталган. Эгер "Долпран“ кенин иштетүү мамлекетке пайда алып келсе — иштетебиз, пайдасы болбосо — тийбейбиз», — деп жыйынтыктады ал.

Маселенин тарыхы

УКМКнын маалыматына ылайык, 18-октябрда Кемин районунун тургундары менен жолугушууда социалдык маселелер, анын ичинде кытайлык «Кемин Ресурс Групп» компаниясы иштетип жаткан «Долпран» алтын кени тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталган:

  • 14 398,6 чарчы метр аянтта жердин үстүңкү катмары бузулган;
  • иштер техникалык долбоорго туура келбейт;
  • жерге болгон талаптар камсыздалган эмес;
  • лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган эмес;
  • запастар боюнча комиссияга туура эмес маалымат берилген.

«Ушул фактылардын негизинде 2025-жылы 13-ноябрда ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 306-беренесинин 2-бөлүгү (жерди бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. "Долпран“ кенинин ишмердүүлүгүнүн айынан экологияга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. 2025-жылдын 20-ноябрында "Кемин Ресурс Групп“ ЖЧКсынын башкы директору, КЭРдин жараны Тиан Дацзы кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган», — деп айтылган маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз