Ташиев: Атамбаев Таластагы кенди мамлекеттин үлүшүсүз жеке тарапка өткөрүп жиберген

Таласта баасы 10 миллиард доллардан ашкан бир кенди Алмазбек Атамбаев мамлекетке бир пайыздык үлүш да калтырбастан өткөрүп берген. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тон районундагы УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында айтты, деп жазат "Тазабек" басылмасы.

Анын айтымында, мурдагы бийликтер буга чейин да баасы ондогон миллиарддаган доллар турган ири кендерди мамлекетке бир пайыздык да үлүш бербестен өткөрүп жиберген.

«Алар “салык төлөп жатабыз” дешет, бирок алар салык төлөөгө милдеттүү. Дарыгерлер да салык төлөйт. Мына ушинтип биздин мамлекетти тоноп келишкен. Ачык эле айтканда, Таласта баасы 10 миллиард доллардан ашкан бир кенди Атамбаев мамлекеттин бир пайыздык үлүшүсүз өткөрүп салган. Азыр болсо отуруп алып салык төлөп жаткандарын айтышат. Ошондуктан ушул маселелер боюнча быйыл 200дөн ашык лицензия кайтарылып алынды. Экологияга зыян келтирген бардык компаниялар текшерилип, алар болжол менен 100 миллион доллар төлөп беришти. Ишканалардын басымдуу бөлүгү ишин токтотту. Биз аларга: “Жарайт, пайда алып келбесеңер да, зыян келтирбегиле” — дедик», — деди Ташиев.

Ал ошондой эле, эгер кенди иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, аны кийинки муунга калтыруу керектигин кошумчалады.

«Биз мамлекетибизди тоноп, ага зыян келтирүүгө жол бербейбиз. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда "Токтозан" деген кен бар. Алар лицензияны 400 миң долларга алышкан, биз аларды аны 10 миллион долларга кайра сатып жатышкан жеринен кармадык. Азыр экөө тең камакта, биз аларды мамлекетке 10 миллион доллар төлөттүк. Бир чет өлкөлүк жаран экинчи чет өлкөлүккө сатып жатат. Биздин эсептен башка өлкөлөрдө адамдар миллионер, миллиардер болуп жатышат. Биз муну токтотушубуз керек», — деди Ташиев.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз