Эртең Премьер-лиганын оюндарына старт берилет
2025-жылдын Премьер-Лигасынын башталышына 1 күн калды. Бул тууралуу Кыргыз профессионал футбол лигасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул сезондо 14 команда чемпиондук үчүн күч сынашат. Алардын төртөө жаңы чыккан командалар.
«Быйылкы сезон абдан курч оюндарга бай болуп, Премьер-Лигада атаандаштык жогорулары күтүлүүдө. Биз менен болуңуздар»,- деп айтылат маалыматта.
Кыргыз премьер-лигасынын жаңы сезондогу биринчи оюнун «Дордой»-«ОшМУ», «Алай»-Нефтчи» төрттүгүнүн оюндары ачып берет. «Дордой» менен «Ош МУнун» оюну 4-март күнү Кыргыз футбол биримдигинин футбол талаасында орун алса, «Алай» менен «Нефтчинин» оюну Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев стадионунда болот.
Эки оюн тең саат 16:00дө башаталат.
Быйыл Кыргыз премьер-лигасында 14 клуб ойнойт. Алардын төртөө – «Барс» (Ысык-Көл), “Азиагол” (Бишкек), «Өзгөн» (Ош шаары), «Бишкек-сити» (Бишкек) клубдары жаңы түзүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.