АКШ Украинага бериле турган аскердик жардамды белгисиз мөөнөткө токтотту

Иллюстративдик сүрөт

Дүйшөмбү күнү президент Трамп АКШнын Украинага берген бардык аскердик жардамын убактылуу токтотту, деп билдирди администрациянын жогорку даражалуу өкүлү. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы «Нью-Йорк Таймс» гезитине шилтеме берип жазды.
 
Жарлык дароо күчүнө кирип, жеткирүү же буйрутма берүү процессинде турган 1 миллиард доллардан ашык курал-жарак жана ок-дарыларды камтыйт. Бул чечим Ак үйдө Трамп менен анын улуттук коопсуздук боюнча жогорку кызматкерлери ортосунда өткөн бир катар жолугушуулардын жыйынтыгында кабыл алынганын, аты аталбаган маалымат булагы билдирди.
 
Өкүлдүн айтымында, бул жарлык Трамп Украина Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө умтулуп жатканын көрсөтмөйүнчө күчүндө калат.
 
Bloomberg агенттиги буга чейин кабарлагандай, Трамптын директивасы ошондой эле «Украинанын коопсуздугун камсыз кылуу демилгеси» алкагындагы жүз миллиондогон долларлык жардамды да токтотот. Бул программа аркылуу Киев америкалык коргонуу компанияларынан түздөн-түз жаңы аскердик жабдууларды сатып алуу үчүн каражат алат.
 
«Зеленскийдин аскердик жардамды кайра жандантуу үчүн так эмнени кылышы керек экени азырынча белгисиз», — деп жазат басылма.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз