Бүгүн Кыргызстанда футбол боюнча чемпионат расмий түрдө башталат
Бүгүн Кыргызстанда Премьер-Лиганын оюндары расмий түрдө башталат. Жаңы сезонду "Дордой", "ОшМУ" жана "Алай", "Нефтчи" клубдары ачып берет.
Жергиликтүү убакыт боюнча 16:00дө Бишкек шаарындагы Кыргыз футбол биримдигинин футбол талаасында Оштун "ОшМУ" клубу менен "Дордой" клубу кез келсе, Ахматбек Сүйүмбаев стадионунда жергиликтүү "Алай" клубу менен Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу кез келет.
Быйылкы сезондо Премьер-Лиагада 14 клуб ойнойт. Азырынча чемпионат канча тур менен жыйынтыкталары белгисиз.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.