Зеленский Трамп менен кайым айтышканына өкүнөрүн билдирди
Украина президенти Владимир Зеленский Киев АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы менен кызматташууга даяр экенин жана орус-украин жаңжалын тез арада бүтүрүүнү каалай турганын билдирди. Бул тууралуу Зеленский социалдык тармактарга жазды.
«Биздин эч кимибиз согуштун түбөлүккө уланышына кызыкдар эмеспиз. Украина туруктуу тынчтыкка жетиш үчүн сүйлөшүү үстөлүнө мүмкүн болушунча тез отурууга даяр. Украиналыктардан башка эч ким тынчтыкты көбүрөөк каалабайт. Менин командам жана мен туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн президент Трамптын күчтүү жетекчилиги астында иштөөгө даярбыз», – деп жазды ал.
Зеленскийдин айтымында, Украина «согушту токтотуу үчүн ыкчам иштөөгө даяр» жана тынчтыкка карай алгачкы кадам туткундарды алмаштыруу жана абада жана деңизде ок атышууну токтотуу болушу мүмкүн.
Украина президенти Ак үйдөгү жолугушуу «күтүлгөндөй болбой калганын» моюнга алып, бул үчүн өкүнө турганын билдирди. «Мындай болуп калганы өкүнүчтүү. Бүгүн баарын оңдоонун убактысы келди. Биз мындан аркы кызматташуу жана сүйлөшүүлөр конструктивдүү болсун деп каалайбыз», – деди Зеленский. Ал ошондой эле Украина пайдалуу кендер боюнча келишимге кол коюуга дагы эле даяр экенин белгиледи.
Дональд Трамп Ак үйдөгү жолугушууда Зеленский менен талаш-тартыш жаралып кеткенден кийин, украин лидери согушту токтотууну эмес, аны улантууну каалай турганын билдирген. АКШ президенти Зеленскийге: «Силер тынчтыкка даяр болгондо кайтып келгиле», – деп сунуштаган эле.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Зеленскийден Ак үйдөгү талаш-тартыш боюнча кечирим сурашын күтүп жатканын айткан. Бирок Зеленский Би-Би-Сиге берген маегинде, кечирим сурабай турганын жана өкүнбөй турганын билдирген.
2025-жылдын 3-мартында Трамптын администрациясы Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү токтотконун жарыялады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.