Трамп Зеленский сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресске кайрылуусунда Украина президенти Владимир Зеленскийден кат алганын, анда Зеленский сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдиргенин айтты.
«Бүгүн мен Украина президенти Зеленскийден маанилүү кат алдым. Катта мындай деп айтылат: “Украина мүмкүн болушунча эртерээк сүйлөшүү столуна отурууга даяр, анткени биз туруктуу тынчтыкка жакындоону каалайбыз. Украиналыктардан башка эч ким тынчтыкты мынча каалабайт”», — деди Трамп.
Анын айтымында, Зеленский ошондой эле Украина табигый кендерди казып алуу боюнча келишимге «каалаган убакта» кол коюуга даяр экенин билдирген.
АКШ президенти кат үчүн ыраазычылыгын билдирип, «ошол эле учурда биз Россия менен олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк жана алар да тынчтыкка даяр экени тууралуу күчтүү сигналдарды алдык» деп кошумчалады.
Трамп өз сөзүндө Украинанын жаңжалын мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга ниеттенгенин дагы бир жолу кайталап, АКШнын бул өлкөгө мындан ары каражат сарптоосун каалабай турганын айтты.
«АКШ Украинанын бюджети үчүн миллиарддаган доллар бөлдү, бирок эч кандай кепилдик жок. Бул дагы беш жылга созулушун каалайсыңарбы? Бул акылсыздыкты токтотчу кез келди, эки тарап менен тең диалог жүргүзө турган убакыт келди», — деди ал.
Трамптын негизги билдирүүлөрү:
Эгер Гренландиянын эли кааласа, АКШ аны өз курамына кошууга даяр. Трамптын айтымында, АКШ аны «бир жолун таап алат»;
АКШ Панама каналынын көзөмөлүн кайтарып ала баштады. Америкалык компания тиешелүү келишимге кол койгон;
АКШ импорттук товарларга тарифтерди көбөйтөт. Кытай, Индия жана Евробиримдик АКШнын жооп чараларына даяр болушу керек, ал жаңы тарифтер 2-апрелде күчүнө кирет;
АКШ “Golden Dome” («Алтын күмбөз») деген аталыштагы жаңы ракетага каршы коргонуу системасын иштеп чыгат. Ал толугу менен АКШда өндүрүлөт;
АКШ Марска жана анын чегинен да алыс жерлерге желегин саймай болду;
АКШ сейрек кездешүүчү металлдардын өндүрүшүн кескин көбөйтүшү керек;
Конгресс "Золотой купол" («Алтын күмбөз») аттуу жаңы ракетага каршы коргонуу тутумун каржылоого тийиш. Ал толугу менен АКШда жасалат.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Трамп менен кайым айтышканына өкүнөрүн билдирген болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.