Онкологдор рактын өнүгүшүнүн негизги себептерин аташты
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата «Билим — күч: ракка каршы бирге күрөшөбүз» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө онкологиялык оорулардын пайда болуу себептери тууралуу маалымат берилди. Рак эпидемиологиясы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, учурлардын 90–95%ы айлана-чөйрөдөгү канцерогендик факторлорго жана жашоо образына байланыштуу.
Алардын ичинде:
• тамеки тартуу — бардык рак түрлөрүнүн болжол менен 30%ынын себеби;
• тамактануунун өзгөчөлүктөрү — 35%;
• жугуштуу агенттер — 10%;
• кесиптик канцерогендер — 4–5%;
• иондоштуруучу нурлануу — 4–5%;
• ультрафиолет нурлануусу — 2–3%;
• алкоголдук ичимдиктерди колдонуу — 2–3%;
• абанын булганышы — 1–2%;
• репродуктивдик факторлор — 4–5%;
• төмөн физикалык активдүүлүк — 4–5%;
• гормоналдык факторлор — 2–3%.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



