АКШ Abraham Lincoln авианосецине жакындаган ирандык дронун атып түшүрдү

АКШнын куралдуу күчтөрү Араб деңизинде АКШнын USS Abraham Lincoln авианосецине карай учуп бараткан ирандык Shahed-139 учкучсуз учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Fox News АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлүнө таянып билдирди.

Америкалык тараптын версиясына ылайык, авианосец Ирандын түштүк жээгинен болжол менен 800 чакырым алыстыкта Араб деңизинде сүзүп бара жаткан учурда ирандык Shahed-139 дрону «зарылчылыксыз кемеге карай багыт алган». Дрон F-35 истребители тарабынан атып түшүрүлгөнүн Reuters булагы тактаган.

AFP агенттиги Vanguard Tech британиялык деңиз коопсуздугу компаниясына таянып билдиргендей, Ормуз кысыгында Ирандын алты аскердик катери АКШнын желеги тагылуу Stena Imperative мунай танкерине жакындап, кыймылдаткычтарын өчүрүп, сүйрөөгө даярданууну буйруган. Ал эми ирандык Fars агенттиги кеме Ормуз кысыгында Ирандын аймактык сууларына мыйзамсыз киргенин, ошондон кийин ислам республикасы керектүү уруксат кагаздарын талап кылганын билдирген.

АКШ менен Иран ирандык өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатышат. Алар 6-февралга белгиленген. Axios басылмасынын маалыматына ылайык, Иран бийлиги жолугушууну Стамбулдан Оманга которууну талап кылууда.

Акыркы апталарда АКШ Иранга аскердик сокку уруусу мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес. Бирок 31-январда АКШ президенти Дональд Трамп Иран АКШ менен «олуттуу сүйлөшүүлөрдү» жүргүзүп жатканын билдирген. Анын айтымында, Тегеранга карата кандай кадам жасаларын сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша чечет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз