AY YOLA музыкалык триосу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы бренди болду
Башкортостандон чыккан AY YOLA музыкалык триосу 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчилери (амбассадорлору) болушту. Бул тууралуу ДКОнун Эл аралык катчылыгы билдирди.
Музыкалык топтун чыгармачылыгы байыркы башкыр эпосу «Урал-батыр» чыгармасына негизделген. Трио аны заманбап музыкалык өңүттө кайра жандандырып, салттуу аспаптарды, жандуу аткарууну жана электрондук музыканы айкалыштырат.
«AY YOLA өз чыгармалары аркылуу ушул жерден жаралган баалуулуктарды дүйнөгө жеткирип, аларды бүгүнкү угарманга түшүнүктүү жана жакын кылып берет. Амбассадордук программа алкагында топ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын маданий жана маалыматтык демилгелерде тааныштырып, салттуу маданияттын заманбап эл аралык образын калыптандырууга салым кошот», — деп айтылат билдирүүдө.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — салттуу спорт, маданият жана материалдык эмес мурастар аркылуу өлкөлөрдү жана элдерди бириктирген ири эл аралык маданий-спорттук иш-чаралардын бири.
Быйылкы оюндарга 100дөн ашуун өлкөдөн 3000ден көп катышуучу келери күтүлүүдө. Программада улуттук жана салттуу спорттун 43 түрү камтылган.
Иш-чаранын программасы 8 ири багытты камтыйт:
• дүйнө элдеринин улуттук оюндары
• ат чабыштар
• ат үстүндөгү мелдештер
• улуттук күрөш түрлөрү
• салттуу күч сынашуулар
• интеллектуалдык оюндар
• салттуу жаа атуу
• куш салуу жана улуттук аңчылык (жырткыч куштар жана иттер менен).
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



