Иран Перс булуңунда 2 танкерди кармады
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) аскер-деңиз күчтөрү Перс булуңунда эки танкерди кармады. Бул тууралуу 5-февралда «Фарс» агенттиги билдирди. Танкерлер кимге таандык экени белгисиз.
КСИРдин маалыматына ылайык, танкерлер күйүүчү майды аткезчилик жол менен ташып жүргөн. Текшерүү учурунда бир миллиондон ашык литр күйүүчү май табылган.
Экипаждын 15 мүчөсү кармалып, алар сот жообуна тартылары айтылды.
АКШ менен Ирандын мамилеси курчуп турган маалда, 3-февралда Тегерандын өкүлдөрү америкалык танкерди басып алууга аракет кылышкан. Ошол эле күнү америкалык F-35C истребители Араб деңизинде «Авраам Линкольн» авианосецинин жанына «агрессивдүү жакындаган» Ирандын учкучсуз учагын атып түшүргөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



