Түштүк Корея: Бомба ташталган аймакта жабыркагандардын саны 15ке жетти
Түштүк Кореяда машыгуулар учурунда KF-16 истребители катачылык менен Пхочхон шаарындагы турак жай районуна сегиз MK-82 бомбасын таштап, жабыркагандардын саны 15ке жетти, деп билдирет Yonhap.
Буга чейин жети жабырлануучу тууралуу айтылган.
Снаряд эки үйгө жана чиркөөгө зыян келтирген. The Independent басылмасы бийликке шилтеме берип, жабыркагандардын арасында эки чет өлкөлүк жаран бар экенин тактады. Куткаруучулардын айтымында, эки киши оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген, ал эми калгандары жеңил жаракат алышкан.
Пхочхон полигонунда өткөн машыгууларга Түштүк Корея жана АКШнын армиялары катышкан. Аскерлер 160тан ашык аскердик техника колдонушкан. Алардын катарында K2 танктары, K55A1 өзүн-өзү жүрүүчү гаубицалары, Apache сокку уруучу тик учактары жана F-35A аз байкалуучу учактары бар болчу.
MK-82 бомбасынын салмагы 227 кг түзүп, анын ичинде 87–89 кг жарылуучу зат болот. Бомбанын корпусу согулган болоттон жасалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.