АКШ менен Украина тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча жолугушуучу жерди талкуулай баштады

АКШ Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн датасын, ордун жана катышуучу командасын талкуулай баштады. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин Киевге аскердик жардамды кайрадан берүү маселеси каралышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц билдиргенин "CentralAsia" басылмасы Reuters агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
 
«Биз ишенимди чыңдоо чаралары жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Андан кийин бул сунуштарды Орусия тарапка берип, алардын даярдыгын текшеребиз. Эгерде биз бул сүйлөшүүлөрдү бекемдеп, аларды ишке ашырууга жетишсек жана ишенимди чыңдоо боюнча кээ бир чараларды талкууга кое алсак, анда президент (Трамп) аскердик жардам боюнча паузаны алып салуу мүмкүнчүлүгүн кылдат карайт», – деди Уолтц.
 
Ал АКШ Украина менен Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чындап кызыкдар экенин билгиси келерин белгиледи. Ошондой эле ал Украина президенти Владимир Зеленскийдин Овал кеңседеги кайым айтышуулар тууралуу өкүнүч менен жазган билдирүүсүн «жакшы жана позитивдүү биринчи кадам» деп атады.
 
Өз кезегинде Украина президентинин кеңешчиси Дмитрий Литвин «Суспільне» басылмасына берген маалыматына ылайык, президенттик кеңсенин жетекчиси Андрей Ермак Уолтц менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн.
 
Көп өтпөй Андрей Ермак Уолтц менен сүйлөшкөнүн ырастады. «Биз адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетүү жолунда мындан аркы кадамдарды талкууладык. Ошондой эле коопсуздук маселелери жана Украина менен АКШнын эки тараптуу мамилелери боюнча позицияларды макулдашуу тууралуу ой-пикирлер менен бөлүштүк. Жакын арада бул маанилүү ишти улантуу үчүн биздин командалар жолугуша турган болду», – деп жазды Ермак өзүнүн Telegram-каналында.
 
АКШ жана Украина делегацияларынын жолугушуусун пландаштыруу жөнүндө маалыматты Владимир Зеленский да тастыктады. «Бүгүн биздин командалар – Украина жана АКШ – жолугушууну уюштуруу боюнча иштей башташты. Андрей Ермак жана Майкл Уолтц сүйлөштү, жакшы жылыштар бар. Кийинки жумада алгачкы жыйынтыктар болот деп үмүттөнөбүз», – деди ал кечки кайрылуусунда.
 
4-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте сүйлөп жатып, Украина президенти Владимир Зеленскийден «маанилүү кат» алганын айтты. Анын айтымында, Зеленский Украина «туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүү столуна отурууга даяр» деп жазган. Трамп ошондой эле «биз ошол эле учурда Орусия менен да олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк жана алар тынчтыкка даяр экенин көрсөткөн күчтүү сигналдарды алдык» деп кошумчалаган..

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз