УКМКнын Бишкектеги мурунку башчысы Эльдар Жакыпбеков коррупцияга шектелүүдө

16-февралда Биринчи Май райондук соту ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчиси – Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысынын өтүнүчүн канааттандырды.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, УКМКнын Бишкек шаары боюнча мурдагы башкармалыгынын башчысы Эльдар Жакыпбеков КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча шектелүүдө.

Ал 15-апрелге чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына (ИВС) камакка алынды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз