УКМК: Досоновго таандык болгон участок мамлекетке кайтарылды
Мамлекеттин балансына Кара-Суу районунда жайгашкан, уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) активдүү мүчөсү К. Досоновго тиешелүү болгон жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жалпы аянты 4 гектар болгон жер тилкеси Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жерди каттоодо Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптары бузулганы аныкталган.
УКМКнын маалыматына ылайык, бул аймак «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына кирет. Бирок иш жүзүндө башка максатта пайдаланылып келген. Бул факт Мамлекеттик «Кыргызгипрозем» ишканасынын расмий маалыматтары менен тастыкталган.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, аталган жер тилкеси мамлекетке акысыз негизде кайтарылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


