Зеленский АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрү тууралуу айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский 11-мартта Сауд Арабиясына барып, андан соң өлкөдөн чыгып кетет. Ал эми АКШ менен сүйлөшүүлөрдү украин делегациясы анын катышуусуз жүргүзөт. Бул тууралуу Зеленский өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Украина лидери Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугушууну пландап жатканын айтты.
 
Буга чейин Зеленский социалдык тармактагы X баракчасында украин жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүлөрү келерки жумада өтөрүн жарыялаган.
 
Fox News өз булактарына таянып, Киев менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрү 11-мартта Эр-Риядда башталат деп маалымдаган.
 
Басылманын маалыматы боюнча, АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолц жана Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф катышат. Украина тараптан президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак сүйлөшүүлөргө катышат.
 
AFP агенттигинин маалыматына ылайык, украин делегациясынын курамына коргоо министри Рустем Умеров да кириши мүмкүн.
 
Стив Уиткофф украин делегациясы менен жолугушууга барарын тастыктап, сүйлөшүүлөр Эр-Риядда же Жиддада өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, негизги максат – тынчтык келишиминин негиздерин иштеп чыгуу жана ок атышууну токтотуу боюнча алгачкы чараларды талкуулоо. Бирок жолугушуунун так датасы азырынча белгилене элек.
 
Мындан тышкары, Уиткофф Дональд Трамп Владимир Зеленскийден келген катты оң баалаганын белгиледи. Анын айтымында, катта Зеленскийдин АКШнын Украинага көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгы жана кээ бир маселелер боюнча кечирим суроосу камтылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз