Европа Союзунун лидерлери коргонууга 800 млрд евро коротуу планын колдоду
Европанын 27 өлкөсүнүн лидерлери Еврокомиссия сунуштаган коргонуу планы боюнча келишимге келишти, деп билдирди AFP агенттиги.
Сөз ушул жумада Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жарыялаган Европаны кайра куралдандыруу (ReArm Europe) долбоору тууралуу болууда. Анын алкагында, жакын арада ЕБ өлкөлөрү аскердик чыгымдарга 800 миллиард еврого чейин бөлөт.
Анын ичинен 150 миллиард евро абадан коргонуу системаларын, дрондорду жана башка курал-жарактарды сатып алуу үчүн насыя түрүндө тартылат.
AFP агенттигинин Франциянын президенти Эммануэль Макрондун айланасындагы булакка шилтеме берип билдиргенине караганда, 11-мартта Парижде Европанын башкы штаб башчыларынын жыйыны өтөт.
Булактын айтымында, жолугушуу Франциянын Аскердик мектеби уюштурган Париж коргонуу жана стратегия форумунун алкагында өтөт. Форумга Макрон өзү да катышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.