Түштүк Кореянын мурдагы президенти камактан бошотулду
Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёль камактан бошотулду, деп маалымдайт «Ренхап».
Экс-президент өткөн айда сотко кайрылып, 3-декабрда аскердик абал жарыялангандыгына байланыштуу коюлган айыптардын мыйзамдуулугун талашкан. Сот анын жүйөлөрүн кабыл алып, мамлекеттин мурдагы башчысына эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүк берди.
Түштүк Корея парламенти 14-декабрда Юн Сок Ёлге импичмент жарыялап, аны 15-январда камакка алышкан. 19-январда сот аны конституциялык түзүлүшкө каршы козголоң боюнча иштин алкагында камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. 23-январда президентке козголгон козголоң иши прокуратурага өткөрүлүп берилген.
Эгерде мурдагы президент козголоң жасаган деп табылса, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы же өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.