Трамп Орусия сүйлөшүүгө барбаса санкция саларын эскертти
АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Москва Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуп, Киев менен сүйлөшүүлөргө барбаса, Россияга каршы «масштабдуу» санкцияларды киргизерин эскертти.
«Азыркы тапта Россия Украинада согуш талаасында дээрлик "талкалап" жатат. Мен олуттуу түрдө Россияга каршы кеңири банкттык жана башка санкцияларды, ошондой эле бажы төлөмдөрүн киргизүүнү караштырып жатам. Бул аракеттер ок атышууну токтотуу жана акыркы тынчтык келишимине жетишүү үчүн кабыл алынат», — деп жазды ал Truth Social социалдык тармагында.
Трамп Москва менен Киевди «өтө кеч болуп кала электе» дароо сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырды.
Трамптын бул билдирүүсүнөн кийин Москванын фондулук биржасынын индекси дээрлик 1,5% төмөндөдү.
Axios басылмасынын Ак үйдөгү булагынын маалыматы боюнча, акыркы күндөрү Трамптын «каары күчөп жатат», анткени ал ок атышууну токтотууну талап кылып жаткан учурда Россия Украинага соккуларды улантууда.
Февраль айында Дональд Трамп Россияга каршы санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узартып, аларды келечекте алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырган. 7-мартта, АКШнын каржы министри Скотт Бессент эгерде бул Украинадагы кризисти жөнгө салууга жардам берсе, АКШ Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошол эле күнү Россиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин жетекчиси Александр Шохин Америка Соода палатасы менен экономикалык чектөөлөрдү жумшартуу маселесин талкуулаганын билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.