Кыргызстандын 5 шаарында абанын сапатын көзөмөлдөө үчүн 11 станция орнотулат
Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу боюнча 50 миллион долларлык долбоор ишке ашырылып жатат. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 9-мартта Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова билдирди.
Жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдагы иши тууралуу маалымат угулду.
Раимкулованын айтымында, бул долбоордун алкагында Кыргызгидромет үчүн керектүү жабдуулар буга чейин сатып алынган.
Ал ошондой эле абанын булганышын талдоочу заманбап лаборатория жана маалымат борборун куруу үчүн долбоордук-сметалык документацияны даярдоого тендер жарыяланганын айтты. Учурда тиешелүү келишим түзүү процесси жүрүп жатат.
Абанын сапатын ыкчам көзөмөлдөө максатында эки мобилдик лаборатория сатып алуу боюнча да келишим түзүлгөнүн министрдин орун басары билдирди.
Мындан тышкары, абанын сапатын көзөмөлдөө үчүн 11 автоматтык мониторинг станциясын орнотуу боюнча техникалык документация даярдалган. Алар Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларына жайгаштырылат. Учурда бул документтер Дүйнөлүк банк менен макулдашуу стадиясында турат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


