Кыргызстанда төрөтүн саны жыл сайын 20-30 миңге азайып жатат
Кыргызстанда төрөттөрдүн саны жыл сайын 20–30 миңге азайып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Нургуль Ибраева депутаттык "Ишеним" жана "Ала-Тоо" топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылга чейин өлкөдө жыл сайын 150 миңге чейин төрөт катталып келген. Бирок акыркы жылдары алардын саны жыл сайын болжол менен 20–30 миңге кыскарып жатат.
Ибраева төрөттүн азайышына бир катар факторлор таасир берип жатканын, алардын ичинде социалдык өзгөрүүлөр бар экенин белгиледи.
Анын сөзүнө караганда, калктын, айрыкча жаштардын дүйнөтаанымы өзгөрүп жатат. Көпчүлүк жаштар алгач өз алдынча бутуна туруп, жашоо шартын түзүп алып, андан кийин гана бала төрөөнү пландашат. Мындан тышкары дагы башка социалдык факторлор да бар.
Ошондой эле ал региондор боюнча караганда, өлкөнүн түштүк аймактарында төрөттөрдүн саны анчейин азайбаганын, ал эми түндүк аймактарда кыскаруу кыйла байкаларын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


