Трамп Ирандын "мунайын алуу" планы бар экенин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын «мунайын алууну» артык көрөрүн билдирип, өлкөнүн негизги мунай экспорттук борбору болгон Харг аралын басып алуу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарган жок. Бул тууралуу The Guardian басылмасы Financial Timesка берген маегине таянып жазды.

Трамптын айтымында, АКШ ар кандай аракеттерди караштырып жатат, анын ичинде Иран мунайынын негизги бөлүгү өтчү Харг аралын көзөмөлгө алуу операциясы да бар. Ал мындай сценарийди Венесуэладагы кырдаалга салыштырып, Вашингтон ал жактагы мунай тармагын «белгисиз мөөнөткө» көзөмөлдөөнү көздөп жатканын айтты.

«Балким биз Харг аралын алабыз, балким албайбыз. Бизде көп варианттар бар», — деди Трамп.

Ошол эле учурда басылма белгилегендей, мындай операция олуттуу тобокелчиликтер менен коштолот: ал америкалык аскерлер арасындагы жоготууларды көбөйтүп, жаңжалды узакка созушу мүмкүн.

Кырдаал курчуп жаткан шартта АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскерлерди жөнөтүүдө. Ошондой эле Ормуз кысыгынын айланасында чыңалуу күчөп, бул мунай баасынын кескин өсүшүнө алып келди — жаңжал башталгандан бери 50%дан ашык кымбаттады.

Аналитиктердин маалыматына ылайык, Иран мунайынын 90%га чейинкиси өтчү Харг аралын көзөмөлгө алуу өлкөнүн экономикасына олуттуу сокку болушу мүмкүн, бирок ошол эле учурда дүйнөлүк туруксуздукту күчөтүп, глобалдык экономика үчүн коркунучтарды арттырат.

Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 115–116 доллардан ашты. Ошол эле учурда Азиянын фондулук рыноктору дүйшөмбү күнү эртең менен кескин төмөндөдү: Япония жана Түштүк Кореядагы негизги индекстер 4%дан ашык төмөндөп, узакка созулган жаңжал жана инфляциянын өсүшү тууралуу кооптонуулар күчөдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз