Роналду гол киргизген оюнда Кожо Жоелдин клубу ири эсепте жеңилип калды

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын ганалык чабуулчусу Кожо Жоель Ирандын «Эстегляль» клубунун курамында Сауд Арабиянын «Аль-Наср» клубуна каршы ойноду.
 
Оюн кечээ, 10-марттан 11-мартка караган түнү АФКнын Чемпиондор лигасынын (элиталык лига) алкагында болуп, сауд арабиялык клубдун пайдасына жыйынтыкталды.
 
Оюндун 9-мүнөтүндө «Эстеглялдын» дарбазачысынын жаңылыш пасынан кийин топ «Аль-Насрдын чабуулчусу Жон Дуранга түшүп, ал эсепти ачты.
 
27-мүнөттө талаа ээлери пенальти тебүү укугуна ээ болуп, Криштиану Роналду гол киргизди.
 
84-мүнөттө чабуулчу Жон Дуран дубль жаратып, оюндун жүрүшүнө чекит койду.
 
Кожо Жоель 62-мүнөттө кооптуу ойногону үчүн сары кагаз менен жазаланып, 64-мүнөттө алмаштырылды.
 
Ошентип, ганалык футболчунун клубу АФКнын Чемпиондор лигасынын 1/8 финалына өтпөй калды.
 
Кожо Жоель 1998-жылы Ганада туулган. Ал алгач 2021-жылы Ош шаарынын «Алай» клубуна кошулуп, 2018-жылы жергиликтүү чемпионатта дебют жасап, «Мыкты бомбардир» болууга жетишкен. 2023-жылдын 23-майында алгачкы жолу улуттук курамага чакыруу алып, 16-июнда Иранга каршы оюнда дебют жасаган. 2025-жылы Өзбекстандын «Динамо» клубунан Ирандын «Эстегляль» клубуна өткөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз