Ош шаарында 17 жаштагы кыз жоголду
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү Ош шаарынын Ш.Руставели көчөсүнүн тургуну 2008-жылы Тиланова Күмүшай Алтынбековнага издөө салат.
Милициянын маалыматыны ылайык, кыздын апасынын айтымында, 2025-жылдын 25-февралында саат 14:30 чамаларында Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө кызы менен коомдук транспортто бирге бара жатып, кийин түшө турган аялдамага келгенде кызын таппай калган.Кызы жолдо түшүп калган.
Апасы кызы 2008-жылы туулган Күмүшай Тиланова ушул күнгө чейин дайыны жок болуп жаткандыгын билдирип арыз жазган.
Өзгөчө белгилери: Жашыл курткачан, кара шымчан болгон.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү бул кыз тууралуу маалыматыңыздар болсо төмөндөгү (03222) 4-82-82, 0990 90 79 18 телефон номерлери аркылуу байланышып коюшуңуздарды суранат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.