Ош ОИИБдин башчысынын жаңы орун басары дайындалды
12-март күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна ылайык, Ош ОИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган милициянын полковниги Анарбек Мусаевди өздүк курамга тааныштырды.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Нурланбек Бурканов жаңы дайындалган Анарбек Мусаевге коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милициянын ишмердүүлүгүн ар тараптан чыңдоо тапшырмасын коюп, кызматтык ийгиликтерди каалады.
Ал эми башкармалыктын башчысынын кадр боюнча мурдагы орун басары милициянын полковниги Ашырбек Ахунов укук коргоо органдарында кызмат өтөө курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга чыкты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.