Бишкекте 11 жаштагы кызды өпкөнгө шектелип 73 жаштагы абышка камакка алынды
Бишкекте жашы жете элек өспүрүмгө карата мыйзамсыз аракет жасаган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынан билдиришти.
Окуя 13-май күнү саат 17:30 чамасында Т. Айтматов көчөсүндө болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 2015-жылы туулган кызды өпкөн.
Бул окуя тууралуу ошол эле күнү саат 21:16да «102» кызматы аркылуу кабарланган.
Бул факты боюнча ыплас аракеттер беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери 1953-жылы туулган Т.Ж.ны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.
Учурда тергөө аракеттери уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

