Кыргызстанда 13 миң адам ВИЧ инфекциясын жуктурган

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-майына карата ВИЧ инфекциясын жуктуруунун 15 миң 732 учуру катталды. Анын ичинен 14 802си — кыргызстандыктар, 930у — чет өлкөлүк жарандар. Мындай маалыматты "Баракелде" басылмасы Республикалык вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө борборуна шилтеме берүү менен жазды.

СПИД стадиясы 1522 адамда аныкталган. Жалпысынан 3887 адам каза болсо, алардын 1018и СПИДден улам көз жумган. Учурда өлкөдө 13 миңге жакын адам ВИЧ менен жашайт деп болжолдонууда.

Борбордун директору Үмүткан Чокморова ВИЧ — бул өкүм эмес экенин белгиледи.

«Заманбап дарылоо адамдарга толук кандуу жашоого, иштөөгө, үй-бүлө курууга жана келечекти пландоого мүмкүндүк берет. Эң негизгиси — өз статусун өз убагында билип, дарыланууну баштоо керек», - деди ал.

Мекеме ошондой эле үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүүгө, ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана ВИЧ менен жашаган адамдарды басмырлабоого чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз