АКШ Иранга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн беш шарт койду. - Fars

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Иранга тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу үчүн аткарылышы керек болгон беш талаптан турган тизмени тапшырды. Вашингтон мындай кадам менен Ирандын ушуга окшош сунушуна жооп бергенин ирандык Fars агенттиги 17-майда билдирди.

Агенттиктин маалыматына ылайык, АКШ төмөнкү талаптарды койгон:

— Вашингтон Иранга келтирилген чыгымды эч кандай компенсациялабайт;
— Иран 400 килограмм байытылган уранды өлкөдөн чыгарып, АКШга өткөрүп бериши керек;
— Иран бир гана иштеп турган өзөктүк комплексин калтырууга тийиш;
— АКШ Ирандын тоңдурулган активдеринин 25 пайызынан ашпаган бөлүгүн гана бошотот;
— Бардык фронттордогу, анын ичинде Ливандагы согуш аракеттерин токтотуу сүйлөшүүлөр учурунда гана мүмкүн болот.

Fars агенттиги аты аталбаган эксперттердин пикирин да келтирген. Алардын айтымында, АКШ бул талаптар аркылуу маселени чечүүгө эмес, согуш маалында ишке ашыра албаган максаттарына жетүүгө аракет кылууда.

Буга чейин Иран дагы АКШга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн беш шарт сунуштаган. Алардын катарына төмөнкүлөр кирген:

— бардык фронттордо, өзгөчө Ливанда согушту токтотуу;
— АКШнын Иранга каршы санкцияларын алып салуу;
— Ирандын тоңдурулган каражаттарын бошотуу;
— согуштан келтирилген чыгымды компенсациялоо;
— Ирандын Ормуз кысыгындагы суверендүүлүк укугун таануу.

АКШ президенти Дональд Трапм Ирандын сунуштарын «кабыл алынгыс» деп атаган.

АКШ менен Ирандын ортосунда апрель айынын башында түзүлгөн убактылуу ок атышууну токтотуу режими азыркыга чейин күчүндө калууда. Ошол эле учурда тараптар кээде бири-бирине сокку уруп жатышат. Экинчи раунддагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү боюнча да бир нече жумадан бери макулдашууга келе алышкан жок.

Буга чейин ЖМКлар АКШ Ирандагы болжол менен 450 килограмм жогорку деңгээлде байытылган уранды басып алуу планын иштеп чыкканын жазышкан. Эксперттер муну өтө татаал операция деп эсептешет, анткени согуш маалында буга окшош аракет мурда жүргүзүлгөн эмес.

Маалыматтарга караганда, Ирандын байытылган уран корунун негизги бөлүгү 2025-жылдын июнь айында АКШ менен Израиль тарабынан талкаланган Исфахандагы өзөктүк объекттин урандыларынын астында калышы мүмкүн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз