Гутерриш Тажикстан менен Кыргызстанды куттуктады

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери кол койгон мамлекеттик чек ара боюнча келишимди жылуу кубаттады. Бул тууралуу анын атынан БУУнун басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын бул тарыхый жетишкендигин куттуктап, эки өлкөнүн жетекчилигин, чечкиндүүлүгүн жана көп жылдык сүйлөшүү процессин ийгиликтүү жыйынтыктоодогу саясий эркин жогору баалады.
Башкы катчысы бул келишимдин негизинде эки мамлекет ортосундагы конструктивдүү кызматташтык уланып, өз ара ишеним, кошуналык алака жана жалпы аймак үчүн туруктуу тынчтык бекемделерине ишеним артарын белгиледи.
13-мартта Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек ара боюнча келишимге кол коюшту.
Ошондой эле, 2021-жылдан бери жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекетинин иши кайра жанданды. Ал эми бүгүн, 14-марттан тарта, Бишкек-Душанбе жана Бишкек-Худжанд багытында авиакаттамдар ачылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.